Ак-Талаада айдоочуну коркутуп, унаасын тартып алгандар кармалышты

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургунун коркутуп, унаасын тартып алгандар кармалышканын Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан 26-майда билдиришти. 

Маалыматка таянсак, 24-майда саат 22:30 чамасында Баетов айылынын Нургазы Амангазиев аттуу тургуну Тойота Ипсум унаасы менен кетип баратканда 3 бала бычак менен коркутуп унаасын тартып алышып, белгисиз жакка айдап кетишкен. Бул тууралуу жабырлануучу райондук милиция бөлүмүнө кайрылган. Нарын ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан ошол эле айылдын 1992-1993-жылы туулган тургундары кармалышты. Ал эми бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akshumkar
2015-05-26 11:08:17
Менин айлыман гоо да нуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан