Эркин күрөш боюнча улуттук курама сентябрь айында АКШда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна даярдыгын баштады. Даярдыктардын алкагында курама команда Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүүдө. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, 20-майда башталган сбор 1-июнда жыйынтыкталат.
Башкы машыктыруучу Руслан Маджинов машыктырган курамга 14 спортчу кирип, сбор үчүн 393 миң сом бөлүндү. Курамга Надырбек уулу Самат, Улук Жолдошбеков, Курманбек уулу Эрмек (57 килограмм салмакта), Адилет Маматаев, Рафкат Асанов (61 кг), Улумкан Маматов, Азат Мирахимов (65 кг), Догдурбек уулу Эламан, Руслан Садыбакасов (70 кг), Нарбек Изабеков, Саякбай Усупов (74 кг), Каругул уулу Бактияр, Бексултан Талантбеков (86 кг), Магомед Будунов (97 кг) сыяктуу балбандар кирген.