Индияда күндүн өтө катуу ысып кеткенинен
каза болгон адамдардын саны 800гө жакындады. Бул тууралуу 26-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Акыркы күндөрү Индияда жамгырдын жаабай жатканынан улам күндүн ысыктыгы 50 градуска чыккан. Мындан улам ысыкка чыдай албай 50 жаштан ашкан жарандар каза болуп калышууда. Өзгөчө Андхра-Прадеш жана Телангана штатында жашагандар көз жумуп жатышат. Өткөн жума ичинде эле каза болгондордун саны 600гө чукулдаган. Каза болгондордун саны өсүүдө. Өлкө бийлиги жарандарга көбүрөөк суу ичүүнү жана сыртка чыкпоону сунуштап жатат.
Адатта, жай мезгилинде абанын температурасы +40 градустун айланасында болсо, мында салыштырмалуу 5-6 градуска жогору болуп жатканы айтылды.