Жактоочу Икрамидин Айткуловдун баласы 13-июнга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-майда Айткулов өзү тастыктады.
Анын айтымында, мындай чечимди кечээ, 26-май күнү Бишкек шаарынын 1-Май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, 28 жаштагы Азамат Айткулов 13-июнга чейин №1-СИЗОдо камакта болот.
Айта кетсек, Икрамидин Айткуловдун уулу Азамат Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалган эле.