Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унааны уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу 27-майда
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.Маалым болгондой, Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө 43 жаштагы аял кайрылып, 25-май күнү саат 23:30 чамасында үйүнүн короосунда токтоп турган Ниссан-Максима үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөө уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча изилдөө жүргүзүлүп, Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан 20 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Учурда иштин үстүнөн тергөө жүрүп жатканы айтылды.