Мадриддик "Реал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти кызматынан бошотулду. 55 жаштагы италиялык адистин кызматынан четтетилиши клубдун жетекчилиги кабыл алган чечимге байланыштуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, клубдун президенти Флорентино Перес "бул чечим команданын мындан ары өсүүсүнө шарт түзөт" деген ойду айтты. "Бир аптанын ичинде бул кызматты аркалай турган адистин ысымы белгилүү болот",- дейт Ф.Перес.
Кошумчалай кетсек, К.Анчелотти бул кызматка 2013-жылы дайындалган. 2014-жыл машыктыруучу үчүн ийгиликтүү болуп, Испаниянын Кубогун, УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана Суперкубогун, Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал эми акыркы сезондо "Реал" бир дагы мелдеште чемпиондукту багындыра алган жок.