Бишкекте 22 жаштагы жаран Калашников автоматы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-май күнү Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунда Ауди 80 унаасы токтотулган. Унаанын ичинен Калашников автоматы табылган. Ал 1993-жылы туулган К.Ж. аттуу жаранга тиешелүү болгон.
Анын айтымында, автоматты 2010-жылдын Апрель окуясы учурунда алып, катып койгон. Жакында аны алып чыгып, сатууну көздөп жаткан.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.