Бишкекте жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза тапты

Бишкекте жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Бишкек шаарынын Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 05:30 чамасында болгон. Анда Некрасов көчөсүндө айдоочу Дэу Нексия унаасы менен жол жээгиндеги тосмону сүзүп алган. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги бир жүргүнчү каза таап, айдоочу жабыркаган. Учурда ал №4-шаардык ооруканада. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан