"Жыл башынан бери мындай өңүттөгү жалпы 5 факты катталса, анын 3 фактысы май айында болду. 3-май күнү Кадамжай районундагы айылдардын биринин жашоочусу, 10-класста окуган кыз асынып өлүп алды. Анын өлүмүнө олуттуу эч кандай себеп болгон эмес, үйүндөгүлөр менен деле жакшы мамиледе болгон. Ал эми 5-май күнү аталган райондо 1997-жылы туулган кыз өз өмүрүнө кол салып, асынып алган. Себеби белгисиз. Бирок өткөн жылы мектепти аяктап, апасы менен Орусияга иштегени кетип, кайра апрель айында кыргыз жерине кайтып келген экен. Мүмкүн, үй-бүлөлүк себептен улам ушул жолго баргандыр. Ошондой эле 21-майда Лейлек районунда жашаган 9-класстын окуучусу мал сарайында асынып турган жеринен табылды. Ата-энеси кызынын мындай жолго барганына таң калып, бирок эч кандай себеп жок болгонун айтышууда",- деди Эрдикулов.
Ага инспектор учурда облуста мектеп окуучуларына мындай жолго барбоого чакырган атайын түшүндүрүү аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.