Бишкекте оор атлетика боюнча шаар биринчилиги аяктады

Бишкекте оор атлетика боюнча 20 жашка чейинки курактагы спортчулар арасындагы шаар биринчилиги жыйынтыкталды. Шаардык спорт комитетинен бүгүн, 27-майда кабарлашкандай, мелдешке 80 спортчу катышты. Анда кыздар жана уландар түрдүү салмак категорияларында чемпиондорду аныкташты.    

Жыйынтыгында кыздар арасында Мукадас Исмаилова (55 килограмм салмакта), Алина Таалайбек кызы (60 кг), Ширин Исламбекова (65 кг), Азиза Тайырова (75 кг) сыяктуу спортчулар чемпион аталышты.

Ал эми уландар арасында Арген Таалайбек уулу (51 кг), Сергей Денисенко (56 кг), Искандер Саламатов (62 кг), Нуржан Мирлан уулу (69 кг), Айдин Кубанычбек уулу (77 кг), Урмат Сыргабаев (85 кг), Бекулан Мырсабеков (94 кг), Султан Ашимов (94 килограммдан жогорку салмакта) сыяктуу спортчулар жеңишти камсыздашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан