28-майга караган түнү УЕФАнын Европа Лигасынын финалында испаниялык “Севилья” украиналык “Днепр” клубун утуп алды. Анда 3:2 эсеби катталды.
Финалда “Севилья” жеңишке жетишерин көпчүлүк серепчилер алдын ала айтып келишкени менен, бул беттеште жеңип чыгуу оңой болгон жок. Себеби украиналык команда алгач эсепти ачып атаандашына басым кылса, алгачкы таймдын акыркы мүнөттөрүндө эсепти теңеди. Албетте, тайм бүтүп жаткандагы жана тайм башталып жатканда киргизилген голдор каршылаш команданын оюнга кайтып келүүсүнө кыйынчылык жаратат.
Ушуну менен “Севилья” акыркы алты жылда 4-ирет Европа Лигасынын жеңүүчүсү аталууда (2 жыл катары менен).
“Днепр” – “Севилья” – 2:3
Голдор: Калинич (7-мүнөттө,1:0); Крыховяк (28-мүнөттө, 1:1); Бакка (31-мүнөттө, 1:2); Ротань (44-мүнөттө, 2:2); Бакка (73-мүнөттө, 2:3).