Бишкекте жол-кайгуул кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, улук инспектор А.К. жол кырсыгы боюнча административдик жоопкерчиликке тартпоо жана материалдарды сотко жөнөтпөө үчүн К.Е. аттуу жарандан 20 миң сом талап кылган. Бул боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, А.К. жогоруда аталган сумманы алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.