Ош. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 400 доллар алып жаткан жеринен кармалды

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 400 доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, улук лейтенант А.Т. жергиликтүү Х.К. аттуу тургундан 400 доллар талап кылган. Бул үчүн ал кызына козголгон кылмыш ишин жаап берүүнү убада кылган.

26-май күнү жүргүзүлгөн оперативдүү иштердин натыйжасында А.Т. пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан