Орусиядагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-майга караган түнү Псков шаарындагы Ленинград шоссесинде болгон. Анда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана үч жүргүнчү ошол жерден каза табышкан. Ал эми денесинен ар кандай жаракат алышкан 3 адам ооруканага жеткирилген. Каза тапкандардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан.