4-5-июнь күндөрү Бишкекте 2 жолку Азия чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш орун алат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, грек-рим күрөшү боюнча мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт жана анда 8 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталат.
Бул мелдеш АКШда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна карата курамды бекемдөө максатында уюшулууда. Анда кыргыз балбандарынан тышкары Түштүк Корея, Иран, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү күч сынашат.