23-24-май күндөрү Тажикстандын Худжанд шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз мамлекетинин курама командасы командалык эсепте 2-орунду камсыздады. Бул мелдешке Кытай, Иран, Казакстан, Ооганстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан мамлекеттеринин спортчулары катышкан. Биздин өлкөнүн намысын коргоо үчүн ар кайсы салмак категориясы боюнча 7 спортчу күч сынашты. Мелдешке катышкан спортчуларыбыздын бешөөсү ийгиликке жетип, желегибизди татыктуу желбиретишти. Кыргыз балбандарынын арасынан 1-орунга 70 килограмм салмакта 1 балбан татыктуу болсо, 4 балбан 2-орунду алды. Ал эми 3-орунга илингендери болгон жок.
1-орун. Мирбек Абдыкадыров (70 килограмм салмакта)
2-орунду ээлегендер:
– Эламан Коргонбай уулу (62 кг)
– Данияр Абдибаев (84 кг)
– Бабамурат Жолдошев (93 кг)
– Максат Мусабаев (93 килограммдан жогорку салмакта)