Бишкекте эркин күрөш боюнча Кожомкул балбандын жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт

6-7-июнь күндөрү Бишкекте Кааба уулу Кожомкулдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча 53-эл аралык мелдеш орун алат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп, 8 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Маалыматка ылайык, бул мелдеш АКШда сентябрь айында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна улуттук курамды даярдоо максатында уюшулууда. Катышуу үчүн Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Корея, Түркия, Иран, Польша жана Кытайдан спортчулар чакырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан