Бишкекте Балдарды коргоо күнүндө жаш футболчулар белектерге ээ болушту
Бүгүн, 1-Июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтүп жатат. Алардын биринде "Дордой" футболдук клубунун жетекчилиги клубдун жаш тарбиялануучуларына белек тапшырды. Иш-чарага 2003-2008-жылдар аралыгында төрөлгөн жаш футболчулар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш футболчулардын клубдагы тартипти сактоо боюнча атайын ант берүү аземи да орун алды. Ошондой эле учурда өлкө чемпиондугунда лидерликте атын жазып келе жаткан "Дордойдун" башкы курамынын футболчулары да болуп, жаштарды майрамдары менен куттукташты.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев