Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер кийинки мөөнөткө шайланды. Блаттер бул кызматка алгач 1998-жылы шайланып, ошол мезгилден бери аталган уюмду жетектеп келет. Май айынын акыркы күндөрүндө атайын шайлоо өтүп, анда 79 жаштагы спорт ишмеринин жалгыз атаандашы иорданиялык Али бин Аль-Хусейн болгон.
Эл аралык маалымат булактары кабарлагандай, шайлоонун биринчи турунда Блаттерге 133 катышуучу добуш берсе, Али бин Аль-Хусейн 73 добуш алган. Мындай учурда жеңүүчүнү аныктоо үчүн 2-тур өтүшү керек эле. Бирок Али мырза бул турга катышуудан баш тартып, Блаттер жеңүүчү болуп табылды. Муну менен ал кийинки 4 жылда кызматта калат.