"Дордой" футболдук клубу өлкө чемпиондугунда "Алганы" 4:0 эсебинде утту

31-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда бишкектик клубдар "Дордой" менен "Алга" кез келишти. Беттеш алгачкы мүнөттөрдөн тарта кызуу чыңалуу астында старт алып, "дордойчулар" өз үстөмдүгүн орнотуп алышты. Жыйынтыгында лидерлик сапта келе жаткан "көк-сарылар" 4:0 эсебинде жеңишке жетишти. 

Кошумчалай кетсек, быйылкы сезондо өлкө чемпиондугунда бомбардирлердин алдынкы сабында Мирлан Мурзаев келүүдө. Мурзаев бул оюнда 2 ирет айырмаланып, киргизген голдорунун санын 15ке жеткирди. Ал эми 1 гол киргизгенге жетишкен Алмазбек Мирзалиев 9 голу менен 2-орунду ээлеп келүүдө. 

"Алга" (Бишкек) - "Дордой" (Бишкек) - 0:4

Голдор: Мирлан Мурзаев (10-мүнөттө, 72-мүнөттө), Алмазбек Мирзалиев (42-мүнөттө), Курсант Шератов (90-мүнөттө). 

Кезектеги 3 упай "Дордойдун" 11 оюнда 26 упай топтоосун шарттады жана бул көрсөткүч менен бишкектик клуб атаандаштарынан упай айырмачылыгында кыйла алдыда бара жатат. 


Мелдеш жадыбалы:  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lintel
2015-06-01 13:18:39
Эмне АЛАЙ команданын кабарчысы жокбу. Алай туралу эч бир кабар жокко.
0
zarbaliktik
2015-06-01 15:36:06
Lintel,АЛАЙ дордойду утуп койгон 2-1ге. Буюрса быйыл чемпион болот Алай
0
zarbaliktik
2015-06-01 15:31:35
Уйдо баатыр жоодо жок дордой.
0
abai
2015-06-01 16:41:01
En kyzyk chempionat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан