30-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугунда Ош шаарынын "Алай" футболдук клубу бишкектик "Кейжи Юнайтед" менен беттешти. Беттеш Балдарды коргоо күнүнө карата уюшулган иш-чаралардан улам
А.Сүйүнбаев стадионунда эмес, Кара-Суудагы "Манас" стадионунда орун алды. 27-майдагы оюндан жакшы сабак алышканбы, бул беттеште "алайлыктар" 5 гол киргизип, ошол эле учурда дарбазасын "кургак" сактап калышты.
Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосунда андан 3 күн мурун орун алган беттеште "Алай" 7:2 эсебинде жеңишке жетишкен. 6 упай үчүн (же болбосо 2 оюндагы жеңиш) болгон тирештерде командалар жалпысынан 14 гол жаратышты. Албетте, "Алайдын" көп гол киргизип жатканынан мурда "Кейжи Юнайтед" клубунун көп гол өткөрүп жатканын белгилей кеткенибиз жөн. Себеби быйылкы сезондо 7 оюн өткөзгөн бул команда атаандаштын дарбазасына 8 гол тоголоткону менен, 33 ирет топту өз дарбазасынан алып чыккан.