1-июнда Бишкекте бир катар спорт түрлөрү боюнча мелдештер, көргөзмө оюндар болду

Кечээ, 1-июнда Бишкек шаардык спорт комитети Балдарды коргоо күнүнүн урматына спорттук иш-чараларды уюштурду. Спортчулардын өнөрүнө көз салууга бир катар шаар тургундары, спорт ишмерлери жана шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова келди.

Мэриядан кабарлашкандай, анда спорттук акробатика, көркөм жана спорттук гимнастика, таэквондо, будо-каратэ, ушу, бокс, кулатуу, дзюдо жана самбо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча көргөзмө оюндар болду. Ошондой эле ордо, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, армрестлинг, street workout, стритбол, кулатуу жана жеңил атлетика боюнча мелдеш уюштурулду. Жеңишке жетишкендер баалуу белектерди алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан