4-5-июнь күндөрү Ош шаарында “Мухаммед Умар-3” спорттук клубунда ушу-саньда боюнча алгачкы ирет өлкө биринчилиги уюшулат. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар чакырылган. Мелдештин жеңүүчүлөрү Азия жана Дүйнө биринчилигине жолдомо алышат.