Футбол боюнча улуттук курама Дубайда Бангладеш жана Австралияга каршы оюнга даярдык көрөт

Футбол боюнча улуттук курама команда 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгын баштады. 20 футболчудан турган курам Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) 1 апталык (2-9-июнь аралыгында) машыгуу сборун өткөрөт.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, бул сбор улуттук кураманын Бангладеш (11-июнь) жана Австралия (16-июнь) курамаларына каршы оюнуна даярдыгынын алкагында уюштурулду.

Дубайга бүгүн, 2-июнь күнү жөнөп кеткен курамда төмөнкү оюнчулар бар:

Дарбазачылар: Максим Зинченко (“Дордой” клубу), Руслан Амиров, Павел Матяш (“Алга”), Валерий Кашуба (“Худжанд”, Тажикстан).

Коргоочулар: Марат Ажиниязов, Азамат Байматов, Талант Самсалиев, Курсан Шератов, Дениэл Тего (“Дордой”), Валерий Кичин (“Тюмень”, Орусия), Виктор Майер (“SV Meppen”, Германия), Тамирлан Козубаев (“Алга”).

Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхардт (“Widzew”, Польша), Сергей Евлюшкин (“KSV Hessen Kassel”, Германия), Ильдар Амиров, Павел Сидоренко, Турсунали Рустамов (“Алга”), Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков (“Абдыш-Ата”), Вадим Харченко, Азиз Сыдыков, Мирлан Мурзаев (“Дордой”), Антон Землянухин (“Раднички”, Сербия).

Чабуулчулар: Алмазбек Мирзалиев (“Дордой”), Виталий Люкс (“Нюрнберг-2”, Германия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sirgak_92
2015-06-02 15:15:51
Ахледтин Исраилов Кайрат Жыргалбек уулу денген футболчулар неге чакырылган эмес маалымат Берип койгулачы Супер инфо
0
Artyr1994
2015-06-02 15:22:08
Кыргыз фудболу али онуго элек дагы 10 жыл бар. Анан гана Азияга чыгышы мумкун
+1
jigit.paren
2015-06-02 16:19:23
оо биз да европада ойногон футболчуларыбыз бар экен ээ!
0
chupachups-89
2015-06-02 19:57:36
jigit.paren, Легионерлер алар.
0
Aksakal
2015-06-02 17:05:53
Алайдан эч ким жокко? Алай озу барса баарын тытып келмек.
0
st1m_
2015-06-02 18:05:56
Aksakal, Ооба Алайына Австралия тыттырып койуп карап турат дейт.
+1
doping
2015-06-02 17:24:36
Жакшы жакшы. Девит Тетте жок ко
0
chupachups-89
2015-06-02 19:58:23
doping, Чоп чабык башталып, айылга кетти дейт го аны.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан