2012-жылдан бери алгачкы ирет Бишкекте 15-21-июнь аралыгында волейбол боюнча уландар командаларынын катышуусунда шаар биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мелдеште бир гана чектөө коюлган – легионерлер биринчилик алкагында командаларына жардам бере алышпайт.
Кошумчалай кетсек, шаар биринчилиги 2012-жылдан тарта өткөрүлбөй келген.