Бишкекте маркум ырчы Фархад Кеңешбек уулунун жаркын элесине арналган ордо оюну боюнча мелдеш уюштурулду

1-3-июнь аралыгында Бишкекте ырчы, ордо оюну боюнча бир нече жолку чемпион, маркум Фархад Кеңешбек уулунун (ырдап чыкканга чейинки аты Бархат болчу) жаркын элесине арналган ордо мелдеши болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашуун спортчу катышты. Ар бир командада 7 оюнчу, бирден машыктыруучу болду. Жыйынтыгында 1-орунду Бакай-Ата районунун командасы, 2-орунду Бишкектин командасы, 3-орунду Талас районунун командасы утту.

Кошумчалай кетсек, ырчы 2014-жылы апрель айында Ысык-Көлдөн келе жатканда жол кырсыгына кабылып көз жумган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
InsanKg
2015-06-03 18:55:33
Банердеги жазууга конул буруп, текшерип коюшса жакшы болмок эке. "Кенешбек уулу Бархаттын" болуп калыптыр
0
Guli.K.E.
2015-06-04 09:51:30
InsanKg,
озунун чын аты ошондой болсо керек да
0
bakyt_2015
2015-06-03 19:23:26
Бизде абалак менен ойнойт ордону ушунчалык кызык ойногон сайын ойногун келет.Томпой менен ойногон туру азыр популярдуу болуп калыптыр,эч бир кызыгы жок экен бул туру.Республикалык ордо уюштуруучулар ушу абалак турун оркундотсо жакшы болот эле.Анан да бир правила киргизбейби ар бир айыл ар башка правила менен ойнойт.Улуттук оюн болгон сон козомолго албайбы.Дага бирооно (казагыбы,озбегиби) тарттырып жиберишет анан оозун ачып отуруп калышат да биздики эмес беле деп.
+1
Sezim.A
2015-06-04 12:41:34
Сахнага чыкканга чейин Бархад дейт.Жайы жаннатан оруналсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан