Мадриддик “Реал” футболдук клубу башкы машыктыруучу Рафаэль Бенитес менен келишим түздү. 55 жаштагы адис менен клубдун ортосунда келишим 3 сезонго түзүлүп, машыктыруучунун жылдык маянасы 4 миллион еврону түзөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Р.Бенитес акыркы сезондо италиялык “Наполи” клубунда иштеп келген. Ал команда менен 31-майда коштошкон. Ал эми “Реалды” буга чейин машыктырып келген Карло Анчелотти 25-майда клубдан кетерин жар салган. Бул клубдун жетекчилиги кабыл алган чечимге байланыштуу эле.