16-июнда кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда (2-тур) Австралия курама командасы менен беттешет. Бул беттешке кирүү мүмкүнчүлүгүн берген билеттер 8-июнда сатыкка чыгып, 150 сомдон 500 сомго чейинки баада сатылат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, оюн өтө турган Дөлөн Өмүрзаков стадионунда күйөрмандар үчүн 18 миңден ашык орун бар. Билеттер 4 категория боюнча (VIP орундуктар, биринчи, экинчи жана үчүнчү) бөлүнүп сатылат. Эң арзан билеттер экинчи жана үчүнчү категорияларда болуп, 150 сомдон башталат. Эң кымбат билет баасы 500 сомго чейин барары күтүлүүдө.