Кечээ, 4-июнда Ош шаарында оор атлетика боюнча жаштар арасында мелдеш старт алды. Ош шаардык оор атлетика федерациясынын байгесине карата уюшулган мелдешке өлкөнүн 7 облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын курамалары катышып жатат. Анда жалпысынан 70тен ашык спортчу күч сынашууда.
Мелдештин ачылыш аземине вице-мэр Замирбек Аскаров, Оор атлетика боюнча шаардык федерациянын жетекчиси Кылычбек Жолдошев, аталган спорт түрү боюнча улуттук федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов, бокс жана оор атлетикага адистештирилген спорт мектебинин директору Абдумалик Айтиев катышты.
Вице-мэр жаштар арасында оор атлетика мелдеши Ошто биринчи жолу өтүп жатканын айтып, эми шаар күнүнө карата мэрдин кубогун уюштуруу пландалып жатканын айтты.