Биз социалдык тармакта

Ленин райондук салык башкармалыгынын кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-июнь күнү Башкы прокуратурага Бишкектеги чарбалык субъектилердин биринин жетекчиси кайрылган. Анда ал Ленин райондук салык башкармалыгынын кызматкери 5 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кечээ, 4-июнь күнү аталган кызматкер 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kursantbek
2015-06-05 09:34:07
колун кесип салгыла еле калганына сабак болсун))))
+1
Bektur2
2015-06-05 10:01:56
Алына карабай сураган го,салык кызматтынын кызматкери эле мындай пара алса чондору канча алат болду экен. ушундай паракорлордон мамлекет онукпой жатат да
+1
myshka406
2015-06-05 10:03:16
Ал бечарада кымбат баалуу жол тандабастарды мингиси келет да элдин акчасынын эсебинен.100,000$га караганда 100,000сом эч канча акча эмесда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан