Спорт агенттигинин директору өлкөдө спорттун эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс жана грэпплинг сыяктуу түрлөрү өнүгүп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Кадырбек Эргешов өлкөдө спорттун кайсы түрлөрү мыкты өнүгүп жатканын тизмелеп берди.

Анын айтымында, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс жана грэпплинг боюнча кыргыз өлкөсүнүн спортчулары эл аралык деңгээлдеги мелдештерде ийгиликтерди жаратып жатышат. "Биздин агенттикте спорт түрлөрү өнүгүшүнө жараша үч: А, В, С категорияларына бөлүнгөн. А тобуна аталган 4 спорт түрү кирет",- деди Эргешов.

Мындан тышкары ал командалык спорт түрлөрү кандай өнүгүп жатканына токтолду: "Биздин волейболчулар жана баскетболчулар жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүшүүдө. Азия оюндарында волейбол боюнча командабыз өз тобунда 3-орунда жайгашты. Биринчи жолу ушундай деңгээлдеги мелдешке катышкан команда үчүн бул жакшы жетишкендик десек болот. Негизи, командалык спорт түрлөрүн өнүктүрүш үчүн каражат керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан