Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) тегерегинде чуулар уланууда. Жакында "коррупцияга тиешеси бар" делинип бир катар спорт ишмерлери кармалышкан. Көп өтпөй федерациянын президенти Йозеф Блаттер жаңы мөөнөткө шайланганына 4 гана күн болгондо кызматын таштай турганын айткан. Анын мындай чукул кадамын чет элдик маалымат булактары "Блаттердин иштери иликтенип жатат" деп түшүндүрүшкөн. Бүгүн болсо Ирландиянын Футбол федерациясынын аткаруучу директору Жон Дилэйни Эл аралык футбол федерациясы 2009-жылы ирландиялыктарга алардын сотко кайрылбоосу үчүн 5 миллион доллардан ашык каражат бергенин айтып чыкты.
Эсиңиздерде болсо, 2009-жылы Дүйнө
чемпиондугунун тандоо турунда Франция жана Ирландия 1:1 эсебинде ойногон. Тьерри Анри колу
менен топту тосуп, өнөктөшү Вилльям Галласка гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн түзүп
берген. Дал ушул гол франциялыктарды Дүйнө чемпиондугуна алып
чыккан. Жон Дилэйнинин айтымында, ФИФА Ирландиянын Футбол федерациясы сотко кайрылбоосу үчүн 5 миллион доллар өлчөмүндө каражат берген.