Кыргыз кыздары Казакстанда өткөн көркөм гимнастика мелдешинде 3 медаль тагынышты

31-майдан 2-июнга чейин Казакстандын Астана шаарында эл аралык мелдеш болуп өттү. Ага Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия, Украина, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан жана Израиль мамлекеттеринин жаш спортчулары катышты.

Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, анда кыргыз кыздары 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль тагынышты. Коло медалды Зулайка Карымшакова (2006-жылы туулган) багындырса, күмүштү Арина Андреева (2007-жылы туулган) утту. Ал эми алтын медалды жана кубокту Карина Сапаева утуп алды (2008-жылы туулган). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2
2015-06-05 16:24:59
Ийгилик силерге кыргыз спортчулары
-1
Jaidary
2015-06-07 12:42:23
Азаматтар,Супер-инфо мумкунчулук болсо, ушул корком гимнастика боюнча толугураак маалымат бересиздерди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан