Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдө. Анда кыргыз балбандарынан тышкары Түштүк Корея, Иран, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү күч сынашып жатат. Учурда мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктарга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдештин алгачкы күнүндө 4 салмак категориясы боюнча кармаштар жүрүп, анын үчөөсүндө кыргыз балбандары алтын медалдарды багынтышты. 59 килограмм салмакта Калыбек Жолчубеков биринчиликти ээлесе, 71 килограммда Кайрат Түгөлбаев алтын тагынды. 80 килограмм салмакта болсо дагы бир кыргыз балбаны Самат Шырдаков 1-орунду багындырды. Ал эми 98 килограмм салмакта чемпиондук үчүн финалда Жахонгир Турдиев (Өзбекстан) менен Хосейни Амирхоссейн (Иран) кез келди. Жыйынтыгында өзбек балбаны жеңүүчү аталды.