Биз социалдык тармакта

Жайыл районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн 19 жолу бычак сайып өлтүргөндөрдүн бири кармалды

Жайыл районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн 19 жолу бычак сайып өлтүргөндөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 10-май түнү Калинин айылында болгон. Анда белгисиз адамдар 1990-жылы туулган Д.Кубанычбекти бычактап кетишкен. Ага 19 жолу бычак сайылган. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү болгон.

Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдүн бири - 1990-жылы туулган Б.Тилек кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
A3A
2015-06-06 02:50:16
Шоруңар катыптыр да экөөңдүн тең))))
0
kulik
2015-06-06 09:41:36
Ошончо ыза кылып жиберди да эгер тигил бала чын эле рэкет болсо, анан жон эл кантип чыдайт, же милиция эч нерсе кыла албаса аларга, кармап 2 кундон кийин кое берип жиберет экен, кайра келип алып чокусуна минип дагы кучоп баштайт. Анан чыдабай калды да.
0
Gulya.akbaralieva
2015-06-06 10:15:53
19 жолу. Мынча мыкаачы болуп баратышат... тан калам
0
Mr.enriiko
2015-06-07 00:30:10
Намысына тийгенго. Рекеттердин жошоосуу ошода. Бирин бири жемейго.Андан коро айылдаа огород отоп журобер помидор жеп.Ушу бийлик кылмышкерлер м.н курошпойкойдуго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан