Чемпиондор Лигасы. Финалчылар "Ювентус" менен "Барселонанын" финалдык курамы, оюнчулардын пикири жана максаттары

Футбол сүйүүчүлөрү бир жыл бою күткөн учур келип, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалына саналуу сааттар калды. Дүйнөдөгү эң абройлуу клубдар аралык мелдештин финалы Берлин шаарында орун алып, анда “Барселона” жана “Ювентус” кез келет. Европада ири жетишкендиктерди камсыздаган эки клубдун кайсынысы жеңишке жетет? Бир топ кыйынчылыктардан кийин кайрадан мурунку деңгээлине өсүп жеткен “Ювентуспу” же акыркы 10 жылда төртүнчү ирет мелдешти утууга бел байлаган “Барсабы?” Бул суроого жооп тапчу учур келди.   


“ЮВЕНТУСТУН” ИШЕНГЕН КОРГООЧУСУ КЬЕЛЛИНИ ОЙНОБОЙТ

Финалдык беттештер өтө курч мүнөздө өтөт жана башкы курамдын айрым оюнчуларынын жоктугу каршылаш командага жеңилдик бериши мүмкүн. Алган жаракатынан улам бул беттеште “Ювентустун” борбордук коргоочусу Жоржо Кьеллини беттешке катыша албайт. Ал эми “Барселонанын” курамынан буга чейин Андрес Иньеста жана Луис Суарес жаракат алышкан, бирок алар финалда ойношору айтылды. 

Клубдар төмөнкү оюнчулардын финалга катыша алышарын жар салышты: 

“Барселона” клубу. Браво, Тер Штеген, Масип, Алвеш, Дуглас, Монтойя, Пике, Маскерано, Матье, Бартра, Вермален, Адриано, Альба, Бускетс, Сампер, Хави, Ракитич, Иньеста, Роберто, Рафинья, Педро, Месси, Неймар, Мунир, Сандро, Суарес.

“Ювентус” клубу. Буффон, Огбонна, Погба, Пепе, Маркизио Мората, Тевес, Коман, Льоренте, Бардзальи, Де Челье, Бонуччи, Падоин, Пирло, Видаль, Лихтштайнер, Стураро, Сторари, Матри, Эвра, Рубиньо, Перейра. 

2 КОМАНДА, БИР МАКСАТ – СЕЗОНДОГУ ҮЧҮНЧҮ ЧЕМПИОНДУКТУ БАГЫНДЫРУУ

Быйылкы сезон эки клуб үчүн тең ийгиликтүү болду. “Барселона” Испания чемпиондугун жана өлкө кубогун утту. Ал эми “Ювентус” Италиянын Лигасын жана Кубогун багындырды. Демек, эки команданын максаты бир – Чемпиондор Лигасын утуп, сезондогу үчүнчү кубокко ээ болуу. 

Тарыхка көз салсак, “Барселона” жарым кылымдан ашык тарыхы бар бул мелдештин финалына 8-ирет чыкты. Буга чейин 4 ирет жеңүүчү аталса, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан. “Ювентус” дагы тарыхында 7 ирет финалга чыгып, 2 ирет жеңишке жетишкен. 5 жолу кубоктон куру калып, оюнчулар баштарын жерге салган бойдон майдандан кетишкен. 2 клуб өз ара 3 ирет кез келип, 2 ирет “Барса” жеңген. 1 жеңишти “Ювентус” камсыздаган. 


ЛЕО МЕССИ МЕНЕН КАРЛОС ТЕВЕС ОЮН ТУУРАЛУУ ОЙЛОРУН АЙТЫШТЫ 

Лионель Месси, “Барселонанын” чабуулчусу:

Бул Чемпиондор Лигасынын финалы жана бул баскычта күтүлбөгөн окуялар көп болот. Биз жеңишке жетишүү оңой болбосун билип турабыз. “Ювентус” - мыкты командалардын бири. 

Карлос Тевес, “Ювентустун” чабуулчусу:

- “Барселона” - дүйнөдөгү эң күчтүү команда. Бул командада бизге каршы 3 мыкты чабуулчу ойнойт (ред.- Месси, Суарес, Неймар). Биз көп эмгек кылып, мыкты оюн алып барышыбыз керек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bars06
2015-06-06 16:49:08
Ювентус алгаа!
0
nookat.kashkaldak
2015-06-06 17:01:57
Барселонага ийгилик
+4
kama_future_millioner
2015-06-06 17:16:05
Барселона
+4
raxatka
2015-06-06 17:34:13
Ювентус Алга))
-1
Crystal
2015-06-06 17:40:18
Барсааа ийгилик кудай кааласа женебиз
+2
Dodon
2015-06-06 18:08:21
Барса женет
+2
XAH.
2015-06-06 18:29:49
Ювентус алга. Бирок Барса жеңет
+1
swabs
2015-06-06 18:46:06
Barca Barca Baaaarca
+1
Mukam
2015-06-06 19:16:45
Командаларга ийгилик - Алга Барса!
0
uran98
2015-06-06 21:13:57
ювентус
0
Bilal.
2015-06-06 22:01:03
кайсыл жерден корсом болот
+1
Hernandez
2015-06-06 22:49:29
Барса ийгилик, КТР корсотот бекен, айтып койгула-а-а
+1
tatu.
2015-10-09 12:55:30
админ ушул финал боюнча жазган озунордун макаланарга шилтеме берип койунчу
0
admin_portal
2015-10-09 14:32:12
tatu., саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтемелер менен өтсөңүз:
http://www.super.kg/kabar/news/114699/
http://www.super.kg/kabar/news/114729/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан