ОНЛАЙН: Чемпиондор Лигасынын финалында "Барселона" атаандашы "Ювентусту" 3:1 эсебинде утуп алды

Урматтуу футбол сүйүүчүлөрү, көптөн күткөн күн келип, бүгүн УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы орун алат. Европанын эң мыкты делген эки командасынын ортосундагы оюн тууралуу баяныбызды ушул жерден окусаңыз болот. 

Гимн жаңырды. 23 жыл мурун жазылган ыр бүгүн да обого салттуу түрдө жаңырды. 

Башкы оюнчуларынын бирин чечүүчү беттеш алдында жоготуп алган “Ювентустун” курамы төмөнкүчө:

Дарбазачы: Жанлуиджи Буффон.

Коргоочулар: Патрис Эвра, Стефан Лихтштайнер, Андреа Бардзальи, Леонардо Бонуччи.

Жарым коргоочулар: Андреа Пирло, Поль Погба, Клаудио Маркизио, Артуро Видаль.

Чабуулчулар: Карлос Тевес, Альваро Мората. 

Ал эми “Барселона” көз көнүп калган төмөнкү курам менен ойнойт:

Дарбазачы: Марк-Андре тер Штеген.

Коргоочулар: Дани Алвеш, Жерар Пике, Хавьер Маскерано, Жорди Альба.

Жарым коргоочулар: Иван Ракитич, Серхио Бускетс, Андрес Иньеста.

Чабуулчулар: Лионель Месси, Луис Суарес, Неймар.

1-мүнөт. Беттеш калысы Гүнейт Чакыр оюнга старт берип, топту "Ювентус" клубу оюнга киргизди. Кеттик! Алгачкы мүнөттө эле Карлос Тевес дарбазага карай сокку узатты. Бирок топ дарбаза тулкусуна дал келген жок. Көп өтпөй италиялык клуб бурчтан чыгарып, арты-артынан чабуул уюштурду. 

Гооооол! Иван Ракитич"Барселона" алгачкы чабуулунда ийгиликтүү чыгып, Иван Ракитич гол жарата алды. Ага голду алып келген пасты Андрес Иньеста берди. 4-мүнөттө оюн эсеби ачылганы кызыктуу финал болорунан кабар берсе керек. 

6-мүнөт. Артуро Видаль жарым талаада Анрес Иньестаны чалып жиберди. Бул жагдайдан кийин калыс оюнду улоону буйруду. "Барса" өзү сүйгөндөй оюн алып барып, топко ээлик кылууга аракет кылууда. 

8-мүнөт. "Ювентустун" оюнчусу Лихтштайнердин колуна топ тийип калгандай болду. Балким, калыс оюнду "талкалап" албоо үчүн бул эреже бузууну эсепке алган жок. "Ювенин" оюнчулары каршы чабуул уюштуруп, дарбаза тарапка топ тебишкени менен, ийгиликтүү болгон жок. 


11-мүнөт. Оюндагы алгачкы сары эскертүү кагазы Артуро Видалга берилди. Видаль Серхио Бускетске каршы орой оюн алып барды. Бул анын үчүнчү ирет эреже бузушу болду. Кызыл айып кагазын көрүп калышыбыз мүмкүн экенин эскерте кетели, себеби "Ювентус" тарап бир топ орой ойноп жатышат. 

*

13-мүнөт. Мессинин чыгарып берүүсүнөн кийин Неймар топко жетишпей калды. Көп өтпөй "Барсанын" оюнчулары кезектеги чабуулду уюштуруп, Дани Алвеш алыстан узаткан соккуну дарбазачы Буффон араң чыгарды. 

15-мүнөт. "Барса" кысымды күчөтүүдө. Кезектеги эреже бузуудан кийин Ракитич топту дарбаза тарапка көтөрдү жана "Ювенин" оюнчусу Маркизио топту тээп жибергенге жетишти. Бурчтан чыгаруу... Ракитич бурчтан чыгарды, Альба дарбазага таамай тебе алган жок. 

17-мүнөт. "Ювентус"атаандашынын коргонуусун бир топко текшерип, топту командада сактап турат. 

20-мүнөт. Погба капталдан келип, Тевеске чыгарганга жетишти, бирок "Барселонанын" оюнчусу Маскерано топту майдандан чыгара тепти. Бурчтан чыгаруу ийгиликтүү болгон жок.

21-мүнөт. Оюндун ылдамдыгы бир топ жайлагандай болуп калды, бирок Автуро Видаль орой ойногонун улантып жатат. Ал эртерээк ачуусун баспаса, кызыл айып кагазын алып калуусу да толук мүмкүн, себеби ал оюн башында сары айып кагазын алган. 

24-мүнөт. Альваро Мората дарбазага топту багыттады. Испаниялык футболчу бул эпизоддо таамай болуп чыга алган жок.  

26-мүнөт. "Барселона" топту көзөмөлдөп, бир топ атаандашын кысканга аракет кылды. Бул чабуул Неймардын соккусу менен аяктады. Буффон бул соккуну өз ордунда тосуп алды. 

Майданда Пирло өз чеберчилигин көрсөтө албай жатканы италиялык клубдун күйөрмандарын бир топ түйшөлтүп жатканы белгилүү. Албетте, командалык механизм ушул футболчу аркылуу бекемделерин биз жакшы билебиз. 

Оюндун 30 мүнөтү артта калды. Финалда орой италиялык футболду жана жогорку ылдамдыктагы испаниялык футболду көрүп жатабыз. Бул убакыт аралыгында гол айырмачылыгында "Барса" 1:0 эсебинде алдыда. Ал эми оюн жагынан кайсы бир команданы бөлүп кароо азырынча мүмкүн боло элек. 

35-мүнөт. Неймар атаандашы Лихтштайнерге каршы орой ойноду. Бул үчүн "Ювенин" оюнчулары Неймарга сары айып кагаз берүүсү керектигин айтышты, бирок түркиялык калыс унчуккан жок. 

*

38-мүнөт. Бонуччи менен Бардзальи "Ювентустун" коргонуусун мыкты кармап жатышат. Алар жаракат алган Кьеллинин ордун жоктотпоо аракетин көрүп жатышат. 

40-мүнөт. Луис Суарес 2 ирет катары менен дарбазага топ узатып, экинчи голду жаратып коё жаздады. 

42-мүнөт. Поль Погба жарым талаада Мессиге каршы эреже бузду. Бул үчүн калыс сары айып кагазын көргөздү. 

44-мүнөт. Луис Суарес дарбазачы Буффондун катасынан кийин өйдө көтөрүлүп келген топко жетишпей калды.  

Алгачкы 45-мүнөттүк аяктады. Бул убакыт ичинде, албетте, "Барселона" өз максатына жетип, гол жаратууга жетишти. Командалар экинчи таймга кандай маанайда чыгарын туура 15 мүнөттөн кийин биргеликте көрөбүз. 


45-мүнөт. Эс алууга бөлүнгөн убакыт артка калып, оюнчулар майданга чыгып келишүүдө. "Барселона" оюнду баштады. Бизди кызыктуу дагы бир 45 мүнөттүк күтүп турганынан шегибиз жок. 

47-мүнөт. Пике коргонууда эреже бузду. Пирло айып соккусун көтөрүп берди. Албетте, Пике өзү кетирген катаны жоюп, топту майдандан чыгарды. Бурчтан чыгаруудан кийин "Барса" каршы чабуул уюштурду. Суарес жакынкы бурчка мыкты сокку узатты, бирок Буффон бул соккуну тосуп кетти. 

50-мүнөт. Месси өнөктөштөрү Неймар жана Суарес менен командалык оюн алып барып, дарбазага сокку узатты. Топ дарбазадан өйдө кетти. 

55-мүнөт. Гооооол! Альваро Мората оюн эсебин теңеди. Маркизио өнөктөшү Тевеске пас берди. Ал топту дарбазага багыттады. Дарбазачы топту тоскон соң Мората ачык дарбазага топту таамай багыттады. Мына, финал деген ушундай болот. Мората жарым финалда "Реалга" 2 гол киргизгенин эске алсак, бул испаниялык футболчу испан клубдарынын заманасын карытып жаткандай таасир калтырат. 

*

59-мүнөт. "Ювентус" киргизген голдон кийин оюнга тең салмактуулук келип калды. Эки команда тең жеңишке катуу умтулуп башташты. 

62-мүнөт. Карлос Тевес "Ювентустун" кезектеги чабуулун жыйынтыктады. Футболчу топту дарбазадан ашыра тээп, бармагын тиштеп калды. 

Гооооол! 67-мүнөт. Луис Суарес "Барселонаны" оюнда экинчи ирет алдыга сууруп чыкты. Месси айып аянтчасына чейин топ менен келип, дарбазага сокку узатты. Буффон топту тосконунда топ алдыга чыгып калды. Бул учурду туура пайдаланган Сураес топту дарбазага таамай багыттады. 

*

2 мүнөт өтпөй Неймар дагы бир топту дарбазага таамай багыттады, бирок футболчу сокку узатып жатканда топ анын колуна тийип калганына байланыштуу калыстар голду эсепке алышкан жок. 

Оюндун 75-мүнөтү. Командалар болгон күчүн жумшап ойноп жатышат. Ал ортодо эреже бузуу болуп, "Барселонанын" оюнчулары айып соккусун узатуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Месси топту дарбазадан алыс тепти. 

77-мүнөт. "Барсанын" легендасы Хави майданга чыкты. Ал майданда капитандык милдет аркалаган Иньестаны алмаштырды. Бул оюн Хавинин "Барсанын" курамындагы акыркы беттеши экенин кошумчалай кетели. Ошол эле учурда "Ювентус" дагы оюнчуларын алмаштырганга жетишти. Артуро Видалдын ордуна майданга Роберто Перрейра кирди. 

82-мүнөт. Пикеде гол киргизүү мүмкүнчүлүгү болду, бирок топту бийик көтөрүп алган футболчу өз коргонуусуна чуркап жөнөдү. 

85-мүнөт. Оюндун негизги бөлүгү аяктаарына 5 мүнөт калганда "Ювентус" кезектеги алмашууга орун берди. Голдун автору Альваро Мората кетип, анын ордуна дагы бир испан футболчусу Фернандо Льеренте оюнга кирди. 

86-мүнөттө Луис Суарес жаракат алып калды. 

*

87-мүнөттө анын Патрис Эвра жаракат алып, "Ювентустун" машыктыруучусун айласыз алмаштырууга мажбурлады. 

90-мүнөт. "Ювентус" оюндун темпин жогорулатып, акыркы аракетин көрүп жатат. 

Беттеш калыс негизги убакытка 5 мүнөт кошумча убакыт берди. 5 мүнөт анык финалдык беттеш болорун биз буга чейинки финалдардан улам билебиз. 

"Барселонанын" курамында алмашуу орун алды. Жарым коргоочу, голдун автору Иван Ракитичтин ордуна майданга коргоочу Жереми Матье чыкты.  

Акыркы мүнөттөр дагы да кызыктуу өтүп жатат. Чечүүчү голдун автору Луис Суарес майдандан кетти. Анын ордуна Педро оюнга кирди. 

Гооооол! Неймар кезектеги голду жаратты. Албетте, "Ювентустун" бардык оюнчулары акыркы мүнөттө каршылаш дарбазага жөнөшкөн. Алар бул чабуулда ийгиликтүү боло албай, "Барса" каршы чабуул уюштурду. Педро менен Неймар атаандаштын дарбазасына кийинки голду алып келишти. 

*

"Ювентуска" акыркы мүнөткө чейин күрөшкөнү үчүн кол чаап койгонубуз ашыкча болбос, себеби бардык оюнчу акыркы чабуул үчүн алдыга бара жатканда тоодой тобокелчиликке бара жатышканын билген. Ооба, баары кеч болуп калган күндө да футболдо жеңилүүнү акыркы мүнөткө чейин моюнга алуу туура эмес.

*

"Барселонанын" бардык күйөрмандарын жеңиш менен куттуктайбыз жана сыйлык тапшыруу аземине бирге көз салууга чакырабыз. Кызыктуу беттешке күбө болдук жана футбол ушунусу менен кызык экенин айтып, коштошобуз! 

*

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aibek..
2015-06-07 02:46:57
1:3 ХХХ
0
daniyar96
2015-06-07 02:52:10
Молодец "барса " ХХХ алдыго
0
Farm94
2015-06-07 02:54:37
урааааааа барса чемпион
+1
maku88
2015-06-07 02:56:31
кайра ХХХ ХХХ
0
uefamif
2015-06-07 03:09:51
Онлайн берип баштаптырго биздикилер азаматсынар! Алга супер!
0
edil.9292
2015-06-07 03:13:25
барселона чемпион оюн чынында кызыктуу болду барсанын күйөрмандарын чын жүрөктөн куттуктайм алга барса
+1
paradise1191
2015-06-07 03:48:32
Урааа! БАРСА ЧЕМПИОН!!!
0
sagyn01
2015-06-07 04:57:28
Онлайн десе , оюнду туз корсотуп жатканго депмин
0
kama_future_millioner
2015-06-07 10:06:00
Онлайн күчтүүүго
0
FIRDAUS
2015-06-07 13:22:40
ойлайнынар укмуш экен теледен комментатор болчудай мага жакты кыргызча.
0
Danel
2015-06-08 03:09:17
Максат Кудайбердиевтин келечеги чон! Айылга кеткен жол ааламдан башталат дейт, буйурса сенин ушул ОНЛАЙН жазганын кареранда чоон жолдун башталышы.Буйурса унунду теледен угуп калабызбы.
0
admin_portal
2015-06-08 14:24:00
maku88, daniyar96, Aibek.. - эскертүү!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан