Кечээ, 5-июнда саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жарыктандыруучу каражаттар толук күйгүзүлүп, Австралия менен 16-июнда боло турган оюн алдында текшерилди. Бул иш-чарага КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Эдил Касенов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов катышты.
Бул майданда кыргыз футболчулары алгачкы оюнду Азиянын чемпиону Австралия курамасы менен өткөрөт.