6-июнь түнү Европадагы эң ири клубдар аралык мелдеш - УЕФАнын Чемпиондор Лигасы жыйынтыкталды. Бул күнү мелдештин "Барселонанын" чемпиондугуна катар дагы бир маанилүү учур катталды. Анда мелдештин бул сезондогу мыкты бомбардирлери аныкталды. Беттештин жыйынтыгында башкы бомбардир катары сыйлыкты 3 футболчу алмай болду. Алар: "Барсанын" оюнчулары Лионель Месси, Неймар жана "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду. Месси менен Роналду 10дон голду буга чейин эле киргизген болсо, Неймар 10-голун финалдык беттеште жаратты.
Төмөндө мелдештин башкы бомбардирлерине көз салсаңыз болот:
10 гол – Криштиану Роналду (“Реал”), Лионель Месси (“Барселона”), Неймар (“Барселона”).
9 гол - Луис Адриано (“Шахтёр”).
7 гол - Жексон Мартинес (“Порту”), Томас Мюллер (“Бавария”), Луис Суарес (“Барселона”), Карлос Тевес (“Ювентус”).
6 гол - Серхио Агуэро (“Манчестер Сити”), Карим Бензема (“Реал”), Эдинсон Каван (ПСЖ), Роберт Левандовски (“Бавария”).
5 гол - Ясин Браими (“Порту”), Марио Манжукич (“Атлетико”), Альваро Мората (“Ювентус”), Клаас-Ян Хунтелар (“Шальке”).