7-июнь күнү футбол боюнча өлкө биринчилиги - ТОП-Лиганын кезектеги турунда 2 оюн орун алды. Кант шаарында "Абдыш-Ата" клубу Ош шаарынын "Алай" командасын кабыл алса, Бишкекте "Ала-Тоо" жана "Кейжи Юнайтед" клубдары беттешти. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Канттагы беттеште "Абдыш-Ата" командасы 1:0 эсебинде жеңилип, 3 упайдан куру калды. Азырынча мелдештин алгачкы айлампасы жүрүп жатса да, "Алай" чемпиондук үчүн башкы атаандашы "Дордойду" упай катыштыгында алыс узатпоо аракетин кызуу көрүүдө.
Ал эми "Кейжи Юнайтед" жана "Ала-Тоо" клубдарынын оюнунда "ала-тоолуктар" мелдештеги алгачкы жеңишин камсыздашты (3:1). 4 упай топтой алган бул клуб учурда мелдеш жадыбалында 6 команданын ичинен 4-орунду ээлеп турат.
*