Ысык-Көл облусунда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын Спартакиадасы өтүп жатат

6-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын арасында Спартакиада старт алды. Мелдешке өлкөнүн 7 облусунан 8 команда катышып жатат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдештин алгачкы күнүндө аркан тартыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталышты. Эреже боюнча ар бир команда 8ден өкүл менен кармашка түшүп жатты. Анда Баткен облусунан келген команда биринчиликти багынтты. Калган эки орун Жалал-Абад жана Нарын облустарынын командаларына тийди. Мелдештин жүрүшүнө адистер көз салып, мелдеш аяктаган соң таланттуу жаштар Ш.Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайына кабыл алынышат.

Кошумчалай кетсек, мелдешке 12 жаштан 14 жашка чейинки курактагы балдар катышууда. Анда аркан тартыш, жеңил атлетика жана футзал боюнча жеңиш ээлери аныкталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан