4-8-июнь аралыгында Кытайдын Узань шаарында жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Анда кыргыз спортчусу
Дарья Маслова 5000 метр аралыкка чуркоодо коло медаль тагынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчу аталган аралыкты 15 мүнөт 42 секундада чуркап өткөн.