Кыргыз спортчулары сноуборд боюнча эл аралык мелдешке катышат. Мелдеш 15-22-июнь аралыгында Орусияда өтөт. Ага кыргыз мамлекетинин желеги астында Алексей Вакурин, Азат Боскеев, Нурзат Боскеев сыяктуу спортчулар машыктыруучу Эркин Усубалиевдин жетекчилиги астында катышат.
Спортчулардын мелдешке катышып келүүсү Олимпиадага даярдоо борборунун эсебинен 546 миң сом бөлүнгөн.