6-8-июнь аралыгында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын арасында Спартакиада болуп өттү. Ага өлкөнүн 7 облусунан 8 команда катышып, 3 спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш сергек жашоону калыптандыруу жана балдар үйлөрүндө спортту өнүктүрүү максатында уюшулган. Мелдештин акыркы күнүндө футбол боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Оюн эрежеси боюнча, командада 6 футболчу: 4 эркек, 2 кыз болду.
Жыйынтыгында Жалал-Абад облусунан келген команда чемпион аталды. Алдынкы үчтүккө Чүй облусунун командасы жана Нарын облусунун командасы кирди.
Ал эми жалпы командалык эсепте 3 спорт түрү боюнча жарыштардын жыйынтыгында Жалал-Абаддын командасы биринчиликти багындырды. Баткендиктер 2-орунду камсыздашса, Нарындын командасы 3-орунга ээ болду.