Кечээ, 9-июнда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда 2 оюн орун алды. Бул күнү Оштун “Алай” командасы Бишкекте “Ала-Тоону” 3:1 эсебинде утуп алды. Бул оюндагы 3 упай менен "алайлыктар" чемпиондук жарышта атаандаштыкты сактап, лидер “Дордойго” дагы да жакындашты.
Ошол эле учурда канттык "Абдыш-Ата" конокто "Кейжи Юнайтед" менен тең эсепте ойноду. 90 мүнөт ичинде командалар гол жарата алышкан жок.
Мелдеш жадыбалы:
*
