ТОП-Лига: Бомбардирлер тизмесинде гвинеялык футболчу Мирлан Мурзаев жана Алмаз Мирзалиевге атаандаштык көрсөтүүдө

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига кызып барат. Командалардын алды 11 оюн, арты 5 оюн өткөрдү. Учурда эң көп гол киргизген командалар "Дордой" менен "Алай" болууда. "Алай" атаандаштарынын дарбазасына 9 оюнда 24 гол киргизсе, "дордойчулар" 11 оюнда 39 гол киргизишкен. Андыктан командалардын атаандаштыгынан тышкары 2 команданын өкүлдөрүнүн ортосунда бомбардирлик үчүн жарыш уланууда. Эң көп гол киргизгендердин алдынкы сабында Мирлан Мурзаев болсо, 2-орунга "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла чыкты. А.Силла кечээ, 9-июнда "Ала-Тоонун" дарбазасына 3 гол киргизди. 

Бомбардирлер тизмеси: 

15 гол - Мирлан Мурзаев ("Дордой")

10 гол - Алиа Силла ("Алай") 

9 гол - Алмаз Мирзалиев ("Дордой")

4 гол - Максат Алимов ("Алай")  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lintel
2015-06-10 17:36:33
алай чемпионду талашат окшойт быйыл.
0
semakg
2015-06-10 18:25:36
Алай алга азаматтар.
0
Bors
2015-06-10 21:59:50
Алмаз Мирзалиев Дордойдобу же Алайда ойнойбу? Футболкасында "Алай" деп туратко адашкан жоксунарбы?
0
bella55
2015-06-11 11:10:40
Bors, ал мурун Алайда ойночу да, ошол убактагы суроту турбайбы. Негизи, азыр Дордой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан