Бүгүн, 11-июнда Бангладештин Дакка шаарында кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Бангладеш улуттук курамасына каршы оюн өткөрүшөт. Беттеш Бишкек сааты боюнча 17:00дө башталат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ кыргыз мамлекетинин курамасы "Бангабагду" стадионунда атайын машыгуу өткөрдү. Машыгууга
курамга кирген футболчулар толук катышты. Акыркылардан болуп курамга коргоочу
Валерий Кичин дагы кошулду. 1 сааттык машыгуу алкагында футболчуларыбыз тактикалык схемалар боюнча иштеп, дарбазага сокку узатуу чеберчиликтеринин үстүнөн иштешти.
Кошумчалай кетсек, беттеш өтө турган "Бангабагду" стадиону 45 миң адамды батыра алат. Бангладештик массалык маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, бул беттеш аншлаг менен өтөрү күтүлүп жатат.