“Барселона” футболдук клубунун оюнчусу Хави карьерасын Катардын “Аль-Садд” клубунда улантат

Кечээ, 11-июнда “Барселона” футболдук клубунун оюнчусу Хави Катардын “Аль-Садд” клубунун оюнчусу катары коомчулукка тааныштырылды. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, бул клуб менен футболчу 3 жылга келишим түздү.

Кошумчалай кетсек, профессионалдык карьерасын 1998-жылы баштаган Хави “Барселона” клубунун курамында Испания чемпиондугун 8 ирет, Чемпиондор Лигасын 4 ирет уткан. Ошондой эле ал Испаниянын курамында Дүйнө чемпиондугун (2010) жана 2 ирет Европа чемпиондугун (2008, 2012) уткан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uran98
2015-06-12 10:01:11
iigilik emi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан