Спорт агенттигинин директору: "Футболчуларыбыз Бангладешти утушту, эми Австралияны да утат деп үмүттөнөлү"

Бүгүн, 12-июнда орун алган маалымат жыйынынын жүрүшүндө бир катар спорт ишмерлери кыргыз футболчуларынын Бангладешти утушканын сөз кылышты. Өз кезегинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов дагы күйөрмандарды бул жеңиш менен куттуктап, өз оюн айтты. "Бардык футбол сүйүүчүлөрүн бул жеңиш менен куттуктайм! Алгачкы оюндагы жеңишибиз мелдештин жакшы башталганынан кабар берет. Эми Австралия менен болгон беттеште жеңип чыкканга үмүт кылышыбыз керек",- деди Эргешов. 

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы менен Австралиянын ортосундагы беттеш 16-июнда орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RNA78
2015-06-12 12:40:06
Утат деп деп умут кылабыз дебей эле, соссуз утабыз десе болбойбу? Кудакааласа утат, Кыргызстан Алга!!!
+2
A3A
2015-06-12 12:54:39
RNA78, : ) буйруса!

Ийгилик!!!!
0
nursultan1
2015-06-12 12:53:58
Буйруса утабыз!
0
Aman97kg
2015-06-12 13:22:54
Ийгилик каалайм уткула кыргызстандыктар
+3
killer-star
2015-06-12 18:28:36
Азаматтар! Эми ишеничти актап койгула
0
uran98
2015-06-12 21:34:38
kudai koldosun!
0
maksymtegin
2015-06-13 00:35:32
эгерде кечекиндей ойношсо жениш биздики болот буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан