Учурда Өзбекстандын Ташкент шаарында бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугу өтүп жатат. Анда кыргыз мушкерлери Адилет Эгемберди уулу (54 килограмм салмакта) менен Хожиакбар Адиханов (50 кг) өз салмактарында коло медалдарды тагынышты. Бул тууралуу Эл аралык бокс федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-июнда финалдык беттештер өтүүдө. Жарым финалда дагы 3 кыргыз мушкери беттеш өткөрөт. Алардын атаандаштары япониялыктар болмокчу. 52 килограмм салмакта Анарбек Жапаров япониялык мушкер Накагаки Рютаро менен кез келсе, 57 килограмм салмакта Акназар Жылдызбек уулу Иманага Таига аттуу мушкерге каршы турат. Ошондой эле 63 килограмм салмакта Данияр Өмүрбек уулу атаандашы Арамото Иссеи менен финалдык жолдомону талашат.